Жаңылыктар
01.07.2026 17:24
Кароолор: 53
ӨЗ МИЛДЕТИНЕ БЕРИЛГЕН КУТКАРУУЧУЛАР
Куткаруучулар бул күн сайын адамдардын коопсуздугун жана өмүрүн коргоодо турган адамдар. Кыйын кырдаалдарда алар жардамга муктаж болгон жерге биринчи болуп жетип, эрдик, кесипкөйлүк жана өзүн-өзү аябагандык менен кызмат кылышат.
Быйыл Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматына 35 жыл толду. Бул жылдар аралыгында миңдеген куткаруучулар адамдардын өмүрүн сактап, ар кандай кырдаалдарда жардам көрсөтүп, өздөрүнүн кесипке болгон берилгендигин далилдеп келишет. Алардын эмгеги - ар-намыс, жоопкерчилик жана өз милдетине берилгендик болуп саналат.