Жаңылыктар

16.10.2024 16:35

   Кароолор: 546

ӨТМӨК АШУУСУ ЖЕҢИЛ УНААЛАРГА АЧЫК

ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Уларбек Тамабаев жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери менен бирге өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошону менен катар Өтмөк ашуусуна бүгүн, 16-октябрда таңкы саат 05:30дан тарта чектөөлөр киргизилген. Оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлгөн жок, ал эми жеңил унаалар кезеги менен өткөрүлүүдө.

Бул иш-чаранын натыйжасында жолдо жүргөн 13 оор жүк ташуучу унаа убактылуу токтотуучу жайга токтотулду.

Талас районунда жолдо жүргөн жүргүнчүлөргө арналган 15 орундуу жылынуу пункту ачылып, жылуу жууркан-төшөк менен камсыздалган. Жолдо калган жүргүнчү жана айдоочуларга ысык чай, тамак-аштар берилип жатат.

Андан тышкары Айтматов жана Талас райондорунда орнотулган Ied экрандан жергиликтүү тургундарга жана жүргүнчүлөргө маалымат берилүүдө.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу