Жаңылыктар
13.11.2024 18:42
Кароолор: 132
“ӨТМӨК” АШУУСУ МЕНЕН “АРАЛ” ПОСТУНА ЧЕКТӨӨ КИРДИ
Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 36-чакырымындагы “Өтмөк” ашуусуна ("Алим" оор жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жайы) оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Ошондой эле Бишкек – Ош унаа жолунун Токтогул районундагы “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:15тен тартып, №23 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча убактылуу чектөө киргизилди.
Мындай чечим жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Унаа жолдордун абалы жакшырган учурда чектөө алынат.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР