Жаңылыктар

10.02.2025 18:10

   Кароолор: 453

ӨТКӨН АПТАДА РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА КАТТАЛГАН ОКУЯЛАР ЖАНА ӨКМ ТАРАБЫНАН АТКАРЫЛГАН ИШТЕР

Бул жума ичинде өлкө боюнча 64 өрт кырсыгы катталды: Сокулукта Фура күйүп кетти. Аламүдүндө аянты 100 ч.м. болгон сарай жана мончо толук күйдү. Өрттөрдү өчүрүүгө жалпы 74 күжүрмөн эсеп тартылган.

Апта ичинде куткаруучулар тарабынан жалпы 8 чыгуу болгон: Караколдо лыжа базадан жабыркаган 2 адам куткарылды жана каналга түшүп кеткен унаа чыгарылды.

Министр Бообек Ажикеевдин Түркияга расмий иш сапары уюштурулду жана Ош облусунда суу жээктерин бекемдөө иштери менен таанышып кайтты.

Жарандык коргонуу боюнча 3 окутуу болду. ӨКМ кызматкерлери өлкө боюнча өрттүн алдын алган 13 түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.

Бир жер титирөө катталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу