Жаңылыктар
10.11.2024 19:04
Кароолор: 193
ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫ ИЗДӨӨ ЭРТЕҢ УЛАНТЫЛАТ
Бүгүн издөөгө КР ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 11 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 7 кызматкер, жалпы 23 адам тартылды. Издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 11-ноябрда улантылат.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 2-ноябрь күнү Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланып келет.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР