Жаңылыктар

03.10.2023 18:01

   Кароолор: 202

Оштун борбордук аянтында кырсыктардын тобокелдигин азайтууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү

🔵🇰🇬ОШТУН БОРБОРДУК АЯНТЫНДА КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУГА АРНАЛГАН САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 

"5-октябрь — Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата Ош шаарынын борбордук аянтында ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын салтанаттуу иш-чарасы уюштурулду.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Замир Юсупов, эстрада ырчылары , КР Улуттук Кызыл Ай Коомунун өкүлдөрү, ИИМ кызматкерлери жана “Жаш куткаруучу” сынагынын жеңүүчү командасы катышты.

Машыгууда өзгөчө кырдаалдар катталган учурда куткаруу жумуштары,тез жардам кызматынан биринчи жардам көрсөтүү жана ИИМ кызматкерлери тарабынан куралчан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоодо практикалык көрүнүштөр аткарылды.

Жыйынтыгында жөө жүрүшкө шаардын Жарандык коргонуу кызматтары, башкармаыктын өздүк курам катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу