Жаңылыктар
26.02.2025 08:35
Кароолор: 471
ОШТОГУ МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
Кечээ, 25-февраль күнү КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош облустук патологиялык-анатомиялык бюросунун кызматкерлерине өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мекеменин кызматкерлерине электр жабдыктарын колдонуудагы өрт коопсуздугун, ошондой эле алгачкы өрт өчүрүү шаймандарынын оң абалда болуусу тууралуу нускамалар таратылып, колдонуу мүнөздөмөлөрү менен тааныштырылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР