Жаңылыктар
19.03.2025 12:46
Кароолор: 585
ОШТО ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ БОЮНЧА ВЕДОМСТВОЛОР АРАЛЫК КОМИССИЯНЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы борбордук аппаратында ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү. Комиссия 12-мартта Ош шаарында, Кара-Суу жана Алай райондорунда болгон жер титирөөдөн кийин социалдык объектилердин жана турак жайлардын жабыркаган деңгээлин аныктоо иштерин жүргүзөт.
Комиссиянын төрагасы болуп Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А. Мазарипов дайындалды. Анын курамына президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү кирди.
Коюлган тапшырмалардын негизинде комиссиянын мүчөлөрү 19-марттан 24-мартка чейин жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүп, келтирилген чыгымдарды баалап жана компенсациянын өлчөмүн аныктайт.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 12-март күнү саат 09:11де Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 24 турак үй жана 17 социалдык объект жабыркаган. Алардын ичинде 14 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП бар.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР