Жаңылыктар

09.01.2025 12:20

   Кароолор: 371

ОШТО ЖЕР ТИТИРЕДИ

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматы боюнча бүгүн, 9-январда саат 11:32де Ош облусунун аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Ноокат районунун Ноокат, Чапаев айылдарында 3 баллга (Чапаев айылынан 3 чакырым батышта, Фрунзе айылынан 3 чакырым чыгышта, Ноокат айылынан 5 чакырым түндүк батышта, Ош шаарынан 32 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген. 

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу