Жаңылыктар

18.09.2023 11:34

   Кароолор: 52

Ошто жеке менчик клиникада өрт-тактикалык машыгуу өттү

Бүгүн ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарында жайгашкан жеке менчик клиникада “5-октябрь – кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата өрт-тактикалык машыгуу өттү. Машыгууга 2 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеп, ИИМдин, «Тез жардам» кызматынын адистери тартылды.

Машыгуунун жүрүшүндө өрт өчүрүүчү унааларды мүмкүн болгон тилсиз жоо чыккан жерге тез жетүүнүн эң кыска, ыңгайлуу жолдору жана клиниканын администрациясынын өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жана өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу

Центральный аппарат МЧС

Территориальные управления

Жабуу

Территориальные управления

Жабуу
Жабуу