Жаңылыктар
06.09.2023 10:46
Кароолор: 363
Ошто Жарандык коргонуу боюнча машыгуу өттү
“Жарандык коргонуунун 2023-жылга даярдык планынын” негизинде Жарандык коргонуу тутумдарынын абалын баалоо жана текшерүү талаптарына ылайык ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгында үстүбүздөгү жылдын 6-8 сентябрь күндөрү атайын машыгуу өтүүдө.
Машыгуунун планына ылайык, бүгүн башкармалыктын өздүк курамына таң эрте «айгай» жарыяланды. Ал эми Ош шаарынын мэриясына Жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, МАБдын башчылары чогулушту.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ар бир мекеменин аткара турган иш-аракеттери боюнча жыйын өттү. Ошондой эле тутумдардын жетекчилерине жана өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР