Жаңылыктар

26.01.2024 14:45

   Кароолор: 504

ОШТО ЗАМАНБАП ӨРТКӨ КАРШЫ-КУТКАРУУ БӨЛҮГҮ АЧЫЛДЫ

Бүгүн Ош шаардык башкармалыгына караштуу №85 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы салынган имаратынын салтанатуу ачылышы өттү. Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Кореянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вондже, KOICAнын өлкө боюнча директору Ли Джонгсу, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү А. Соловьева, шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров жана өрт өчүрүүчү куткаруучулары катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетовдун айтымында, үч тараптуу кызматташуунун алкагында өрт-куткаруу кызматынын потенциалын жогорулатуу, жаңы имараттарды куруу, заманбап жабдыктар менен камсыздоо каралган. Долбоордун баштапкы этаптарын ийгиликтүү ишке ашыруу менен жаңы имараттар ачылып, күжүрмөндүк менен иштөөгө шарттар түзүлгөнүн айтып өттү. Ошондой эле ӨКМдин тыгыз кызматташтыкта иш алып барган өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

1964-жылкы эски имараттын ордуна эки кабаттуу өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы өрт өчүрүүчү унааларын сактоого ыңгайлуу болуп, зарыл талаптар эске алынган. Куткаруучулардын ыкчам иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, эс алуучу бөлмөсүнөн тарта ашкансына чейин заманбап жабдылып атүгүл, ден-соолуктарын чыңдоого ылайыкталган спорт залы да камсыздалган.

Ачылган имарат жаңы авариялык-куткаруу унаасы, атайын шаймандар менен жабдылган.

Заманбап ӨККБнын имаратын куруу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана “KOICA” - Кореянын эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы кызматташуусунун алкагында ишке ашып, Корея өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен курулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу