Жаңылыктар
13.06.2025 21:05
Кароолор: 110
ОШТО ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТТӨН ҮЧ ҮЙ КУТКАРЫЛДЫ
Бүгүн, 13-июнда Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү турак жайлардын биринен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 19:09да №12 ӨКБдан бир бөлүм тартылган.
Өрт саат 19:19да чектөөгө алынып, 20:23тө толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында коңшу жайгашкан үч үй аман калган.
Өрттүн себеби электр зымдарындагы кыска туташуу болгон. Жалпы 65 чарчы метр аянт күйгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР