Жаңылыктар

25.02.2025 09:22

   Кароолор: 248

ОШТО ТУРАК ҮЙДӨ ЧЫККАН ӨРТ АДАМ ӨМҮРҮН АЛДЫ

Ош облусунун Кара-Суу районунда бүгүн, 25-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Киров айылынын Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ичинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат КР ӨКМге 102 кызматынан түшкөн.

Жерине Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 2 офицер тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча өрт электр жылыткычтан чыгып, натыйжада болжол менен 50 жаштагы эркек киши каза болгон. 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу