Жаңылыктар

17.05.2025 16:28

   Кароолор: 262

ОШТО СУУГА ТҮШҮҮДӨГҮ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРДҮ

🔷️Бүгүн Ак-Буура дарыясынын жээгине эс алууга келген жарандарга суу коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.

🔷️Түшүндүрүү иштери шаарда жайгашкан эс алуучу жайларда жана бессейндерде уланды.

🔷️Анда Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары сууда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери тууралуу маалымат беришти.

🔷️Ошондой эле сууга түшүүгө сунушталбаган же тыюу салынган жерлерде эскертүү белгилерине көңүл бөлүү шарт экенин жана ️ата-энелерге жаш балдарга өзгөчө көңүл бурууну жана калтырбоону эскертишти.

Эске салсак, 2025-жылдын 15-май күнү Ак-Буура дарыясына 12 жаштагы бала түшүп кеткен.

Өспүрүмдүн сөөгү 16-май күнү куткаруучулар тарабынан табылган.

Быйыл өлкө аймагында 9 адам сууга чөгүп каза болгон, анын ичинен бешөө жашы жете элек өспүрүмдөр.

❗️ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! Ата-энелер – жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар!

Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу