Жаңылыктар

21.04.2024 11:21

   Кароолор: 172

ОШТО СЕЛДЕН 1 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымдарында 1 жеңил унааны сел суусу агызып кеткен.

Унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 жаш бала болгон ( аты-жөндөрү такталууда) 2 аял кишини жана жаш баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен.

Издөө иштерине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 11 куткаруучу тартылып, жергиликтүү жаран менен жансыз денесин таап, сайдан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ ПРЕСС- БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу