Жаңылыктар

14.07.2024 20:05

   Кароолор: 1624

ОШТО СЕЛ АГЫЗЫП КЕТКЕН 4 ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

2024-жылдын 14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча бир үй-бүлө Д. Н. 1980-жылы туулган(аял киши), кыздары М. 2005-ж.т. М. 2014-ж.т. , С. 2018-ж.т.

Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу