Жаңылыктар

19.09.2024 17:02

   Кароолор: 885

ОШТО РЕСПУБЛИКАЛЫК ПРАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Бүгүн Ош шаарында республикалык команда-штабдык машыгуунун 2-күнү практикалык иш-чара менен 3 негизги жерде өттү.

Сценарий боюнча алгач Ош шаардык жылуулук электр борборунда жарылуунун кесепеттерин жоюу мекеменин жана ЖК кызматкерлери тарабынан практикалык иш-аракеттер аткарылды.

ӨК министринин орун басары генерал-майор Урматбек Шамырканов иш-чаранын ачылышында катышуучуларды куттуктап, машыгуунун негизги максаттарын белгилеп өттү.

Андан кийин машыгуу “Ош темир жолу” бекетинде уланып, анда Өзбекстан республикасынан келген гуманитардык жардам кабыл алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан унааларга жүктөлүп, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилди. Машыгууга ӨКМдин куткаруучулары,“Ош темир жолу” мекемесинин кызматкерлери жана ИИМдин аскер бөлүгүнүн аскерлери тартылды.

Машыгуунун үчүнчү бөлүгүндө Ош аэропортуна аба каттамы аркылуу Казакстандан келген гуманитардык жардам кабыл алынып, ӨКМдин куткаруучулары, ИИМдин аскерлери жана башка тиешелүү кызматтар оор жүк ташуучу унааларга жүктөштү.

Республикалык деңгээлде Ош шаарында өтүүчү машыгуулар өзгөчө кырдаалдарда координациялык аракеттерди өркүндөтүүгө жана кырсыктарды өз учурунда жоюуга багытталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу