Жаңылыктар
18.09.2024 11:04
Кароолор: 1011
ОШТО РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУ БАШТАЛДЫ
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 9-февралындагы №25 Жарлыгы менен бекитилген Жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдык Планынын негизинде,“Катуу жер титирөө катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракети” темасындагы республикалык команда-штабдык машыгуу башталды.
Таң эрте “Айгай” жарыяланып, Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары “Жогорку даярдык” режимине өткөрүлдү.
КР Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун команда-башчылык курамынын, күч жана каражаттарынын өзгөчө кырдаалдар катталган учурда авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларын ыкчам уюштуруу жана аткарууга даярдыктарын жогорулатуу, даярдоо, практикалык аракеттерге тажрыйбаларын жогорулатуу максатында, команда-штабдык машыгуу 18-19-20 күндөрү өтөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР