Жаңылыктар
22.12.2023 17:53
Кароолор: 576
ОШТО ӨРТТҮН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН КАЛК АРАСЫНДА ЖАЙЫЛТУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
2023-жылдын 22-декабрь күнү Ош шаарындагы Усман ибн Аффан мечитинде жана "Кудайберди" унаа тетик базары, "Фрунзе” кичи соода базарында, ошондой эле калк көп топтолуучу жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө кыш мезгилинде өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чарасы өттү.
КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан ӨКМдин атайын өрттүн алдын алуу жана пропагандалоо автоунаасы менен өрт коопсуздук эрежелери тууралуу даярдалган видео, аудио маалыматтар жаңыртылып, атайын нускамалар таратылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР