Жаңылыктар

22.08.2025 12:46

   Кароолор: 69

ОШТО ӨРГҮҮДӨ ЖҮРГӨН КУТКАРУУЧУЛАР КАНАЛДАН ЧӨГҮП БАРА ЖАТКАН ӨСПҮРҮМДӨРДҮ КУТКАРЫП КАЛЫШТЫ

2025-жылдын 21-августунда Ош шаарынын Алай конушундагы Араван-Ак-Буура каналында сууга чөгүп бара жаткан эки өспүрүм кызды өргүүдө жүргөн ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын аскер кызматкерлери улук лейтенант Бексултан Канжарбек уулу жана прапорщик Абдыкалык кызы Кулпунай куткарып калышты.

Куткаруучулар өспүрүмдөрдү суудан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, андан соң жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бүгүн, 22-августта, куткаруучулар жабыр тарткан жарандардын абалынан кабар алышты. Учурда өспүрүм кыздардын ден соолугу канааттандырарлык абалда экени белгилүү болду.

ӨКМ жарандарды жайкы эс алуу мезгилинде, өзгөчө суу объектилеринин жээгинде коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу