Жаңылыктар
17.12.2024 19:24
Кароолор: 286
ОШТО ӨКМдин ӨЗҮНЧӨ КУТКАРУУ ОТРЯДЫНЫН ШАРТТАРЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
ӨК министринин биринчи орун басары А. Мамбетов Республикалык Өзүнчө куткаруу отрядына барып, отряддын өздүк курамы жана алардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.
Иш сапардын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары жүргүзүлүп жаткан курулуштарды көрүп чыкты. Ал жоокерлер үчүн түзүлгөн шарттарды мындан ары дагы жакшыртуу боюнча иштер улантыла турганын белгиледи.
А. Мамбетов куткаруучулардын кесипкөйлүгүн жана алардын өзгөчө кырдаалдардагы оперативдүү аракеттерин жогору баалап, келечекте дагы ишмердүүлүктү өркүндөтүү үчүн тиешелүү аракеттер көрүлөрүн айтты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР