Жаңылыктар
10.04.2025 16:41
Кароолор: 261
ОШТО МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРГА СУУ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА САБАКТАР ӨТТҮ
Бүгүн ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын адистери тарабынан №17 Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебинде "Жаш өспүрүмдөрдүн суудагы коопсуз жүрүм-туруму” аталышында семинар-сабак өтүлдү.
Билим берүү мекемелеринин окуучулары катышкан бул окууда ӨКМдин куткаруучулары сууга түшүү эрежелери тууралуу түшүндүрүп, коопсуздук жаралган учурда алгач көрүлө турган жардам тууралуу теориялык көндүмдөрдү көрсөтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР