Жаңылыктар
17.12.2024 19:32
Кароолор: 351
ОШТО КУТКАРУУЧУЛАР ҮЧҮН СПОРТ АЯНТЧА АЧЫЛДЫ
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен ӨКМдин Республикалык Өзүнчө куткаруу отрядынын өздүк курамы үчүн заманбап воркаут аянтчасынын ачылышы болду.
Иш-чарага ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, отряддын командири подполковник Мырза Эргешов жана өздүк курамдын өкүлдөрү катышты. Министрдин биринчи орун басары өз сөзүндө өздүк курамды сергек жашоого чакырып, жаңы спорттук аянтчанын ачылышы менен куттуктады.
Өз сөзүндө аталган демилге кызматкерлердин физикалык даярдыгын жакшыртып, ден соолугун чыңдоого багытталганын баса белгиледи.
Жаңы спорттук аянтчанын жалпы аянты 250 м²ди түзүп, жасалма газон менен жабдылган.
Аянтчанын жалпы баасы 900 000 сомду түздү.
ӨКМ кызматкерлери бул спорттук аянтчаны күнүмдүк машыгууларда активдүү колдонуп, дене даярдыгын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн алышат.
Министрлик келечекте дагы ушундай демилгелерди ишке ашыруу менен кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү улантат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР