Жаңылыктар
09.10.2024 12:59
Кароолор: 288
ОШТО КУТКАРУУЧУЛАР ӨРТ-КОЛДОНМО СПОРТУ БОЮНЧА КҮЧ СЫНАШТЫ
Кечээ ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын куткаруучуларына “ Өрт колдонмо спорту” мелдеши өттү.
Спорттук мелдешге башкармалыктын кызматкерлеринен куралган 7 команда катышып, өрт өчүрүү тактикалары боюнча күч сынашты. Мелдеште илме шаты менен көп кабаттуу имаратка чыгуу, үч муунактуу шаты менен бийиктике чыгуу, 100 метр аралыкта тоскоолдуктардан ашып өтүү сынагынан 1-орунду башкармалыктын Кара-Суу районук ӨКБ,2-орунду Алай райондук ӨКБ,3-орунду Кара-Кулжа райондук ӨКБ багындырды.
ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Мусаев Эрландын айтымында мелдештин бул түрлөрү өрт куткаруучулардын чебрчилигин дагы да арттырып, өрт өчүрүү, куткаруу иш-чараларында пайдасын бермекчи.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланып, республикалык дэңгээлде өтүүчү “Өрт-колдонмо спорту” боюнча мелдешке жолдомо алышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР