Жаңылыктар
02.06.2025 18:36
Кароолор: 216
ОШТО КУТКАРУУЧУЛАР БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАШТЫ
Кечээ, 1-июнь-Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Т.Сатылганов атындагы паркында балдарга чакан майрамдык маанай тартуулашты.
Майрамдык иш-чарада куткаруучулар жаш балдарга балмуздак таратып, жайкы эс алуу мез гилинде көлмө, бассейн же башка суу объектилеринде эс алуудагы коопсуздук эрежелерине көңүл буруу зарылдыгын эскертти. Ошондой эле, өспүрүмдөрдү суу коопсуздук эрежелерин так сактоого жана суунун тереңине барбоого чакырышты.
https://www.facebook.com/share/v/1CQ6kujqaT/