Жаңылыктар

19.02.2025 11:37

   Кароолор: 1020

ОШТО КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ӨРТ ЧЫГЫП, 19 АДАМ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бүгүн Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккандыгы кабарланган.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:08де Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, ыкчам түрдө куткаруучулар 19 кишини эвакуациялашкан. Жабыркагандар жок.

Өрт саат 10:48де толук өчүрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу