Жаңылыктар

09.07.2025 18:09

   Кароолор: 195

ОШТО КООПСУЗДУК — 2025 ФОРУМУ ӨТТҮ

2025-жылдын 8-июлунда Ош шаарында жарандардын коопсуздугун камсыздоого жана туризмди коопсуз өнүктүрүүгө арналган «Коопсуздук – 2025» аталышындагы интерактивдүү форум болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана жергиликтүү мамлекеттик органдары менен биргеликте өткөрүлдү.

Форумга ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, коомдук уюмдар жана жаштар активисттери катышты.

Иш-чарада өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жарандык коргонуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коопсуз чөйрөнү түзүү маселелери талкууланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы бөлүмүнүн өкүлдөрү коомдук коопсуздукту камсыздоодо жарандардын маалымдуулугунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Форумдун алкагында ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан заманбап куткаруу шаймандары жана техникаларынын көргөзмөсү уюштурулуп, алар өздөрүнүн ыкчам аракеттерин жана даярдыгын көрсөтүштү.

Мындан тышкары, жаштар үчүн интерактивдүү оюндар, коопсуз жүрүм-турум боюнча тренингдер жана маалыматтык сабактар өткөрүлдү.

Бул форум “Кыргызстандагы SOS-балдардын айылдары” коомдук фонду жана Коомчулуктардын туруктуулугун бекемдөө үчүн глобалдык фондунун (GCERF) колдоосу менен уюштурулуп, мамлекеттик түзүмдөр менен жарандык коомдун өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу