Жаңылыктар

04.11.2024 15:25

   Кароолор: 475

ОШТО АЙДООЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери алыскы жолго каттап, жүргүнчү ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жолго чыкпай туруу сунушталды.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында 5-ноябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу