Жаңылыктар
11.01.2025 11:55
Кароолор: 487
ОШТО 3,5 БАЛЛ ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, 11-январда саат 10:52де өлкө аймагында күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ачык-Суу айылында 2,5 баллга (Ачык-Суу айылынан 28 чакырым түштүк чыгышта, Сары-Могол айылынан 32 чакырым түштүк батышта, Ош шаарынан 128 чакырым түштүктө) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР