Жаңылыктар
21.02.2025 11:36
Кароолор: 78
ОШТО 3 МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕ ТЕКШЕРИЛИП, 28 ПУНКТТАН ТУРГАН ЭСКЕРТМЕ БЕРИЛДИ
Бүгүн ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жана Ош шаардык башкармалыгы тарабынан Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өрт коопсуздугу боюнча пландан сырткары текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган медициналык мекемелерде жалпы 28 пункттан турган бузуулар аныкталды.
Алсак, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда өткөн 2024-жылы февраль айында 12 бузуу аныкталып, жыйынтыгында “Бузуулар кодексинин” 143-беренсене ылайык 23 миң сом айып пул салыган.
Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 2024-жылдын 1-февраль күнү ӨКМ пландык текшерүү жүргүзүп, 12 пункттан турган бузууларды аныкташкан. Ал эми 2024-жылдын 13-мартында контролдук текшерүүнүн жыйынтыгында 13 000 миң сом айып пул салынган. Ушул эле мекеменин жетекчилик администрациясында 2024-жылдын 6-январь күнү электр шайманынан өрт чыгып, тилсиз жоодон имарат толук күйгөн.
Ал эми бүгүнкү текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда 9 пункттан турган бузуулар, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 9 пункттан турган бузуулар жана Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 10 пункттан турган бузуулар аныкталды.
ӨКМ адистери тарабынан кемчиликтерди жоюуга 30 күнгө чейин убакыт берилди. Контролдук текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган бузуулар аткарылбаса, Бузуулар кодексинин 143-беренсенин ылайык 23 миң сом айып пул салынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР