Жаңылыктар
18.09.2024 14:40
Кароолор: 1439
ОШТО 3 КҮНДҮК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ӨТӨТ
Ош шаарында республикалык масштабдагы команда-штабдык машыгуу бүгүн расмий түрдө башталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2024-жылдын 9-февралында кабыл алынган №25 Жарлыгынын алкагында ишке ашырылып, жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдык планын камтыйт. Машыгуунун негизги темасы: "Катуу жер титирөө катталган учурда жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракети".
Машыгуу таң эрте башталып, “Айгай” жарыяланган соң, Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтарынын бардык күч жана каражаттары “Жогорку даярдык” режимине өткөрүлдү. Бул даярдык кырсыктарды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам чараларды көрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Машыгуунун максаты:
- Өзгөчө кырдаалдар, айрыкча жер титирөө сыяктуу табигый апааттар учурунда Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иш-чараларын өркүндөтүү.
- Жарандык коргонуу кызматтарынын авариялык-куткаруу жана кечиктирилгис иштерди уюштуруу жөндөмүн күчөтүү.
- Жетекчилик жана кызматкерлердин практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу.
- Түзүлгөн кырдаалга карата чечим кабыл алуудагы ыкчамдыгын текшерүү жана жакшыртуу.
Машыгууга ӨК министринин орун басары генерал-майор Урматбек Шамырканов , жарандык коргонуу кызматынын башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышууда. Ошондой эле, бул машыгууларга тиешелүү күчтөр менен каражаттар, авариялык-куткаруу отряддары, тез жардам жана башка кызматтар тартылган.
Машыгуунун алкагында чыныгы кырдаалдарды имитациялоо менен, куткаруучулар ар кандай өзгөчө кырдаалдарга реакция кылууну жана аларды натыйжалуу жоюу аракеттерин аткарышат.
Команда-штабдык машыгуу үч күнгө созулуп, 18-19-20-сентябрь күндөрү өтөт. Бул аралыкта куткаруу жана башка кызматтар өз ишин координациялап, өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын текшерип, катардагы кызматкерлер менен жетекчилердин ортосундагы байланыш жана иштешүү ыкмалары жакшыртылат.
Бул машыгуулар жарандык коргонуу системасынын бардык деңгээлдериндеги кызматкерлердин ыкчам аракеттерди көрүү жөндөмүн жогорулатуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР