Жаңылыктар

26.02.2025 19:00

   Кароолор: 61

ОШ:МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ӨТТҮ

Бүгүн, 26-февраль күнү ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Кулжа району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы жергиликтүү мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине өрт коопсуздугу боюнча атайы сабак өткөрүлдү.

Иш-чара өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында жүргүзүлүп, жалпы 25 кызматкер катышты.

Сабактын катышуучуларына мекемелердеги өрт коопсуздугу, эвакуациялоонун тартиби жана алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу