Жаңылыктар

10.02.2025 15:03

   Кароолор: 456

ОШ:ГҮЛЧӨ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕ ӨРТ ТАКТИКАЛЫК ОКУУ МАШЫГУУСУ ӨТТҮ

2025-жылдын 10-февралында Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн атайын планына ылайык, Гүлчө айылындагы Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан №2 Т.Отунчуев атындагы орто мектебинде өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун негизги максаты – өрт кырсыгы катталган учурда мектептеги окуучулар менен мугалимдерди коопсуз аймакка эвакуациялоо, жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарды туура колдонуу боюнча практикалык көнүгүүлөрдү жүргүзүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө өрт чыккан учурда мектеп жамааты кандай аракеттерди көрүшү керектиги боюнча түшүндүрмөлөр берилип, эвакуациялоо жана өрттү баштапкы баскычта өчүрүү ыкмалары көрсөтүлдү. Жалпы 1500 окуучу, 74 мугалим жана 25 техникалык кызматкер үчүн атайын лекция окулуп, коопсуздук боюнча нускама берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу