Жаңылыктар
27.11.2024 12:02
Кароолор: 148
ОШ: ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛДИН КООПСУЗДУГУ ҮЧҮН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларынын алкагында Кара-Суу районунун, Отуз-Адыр айылындагы Машрап-Сай сайындагы сел коркунучун азайтуу боюнча иштер кызуу жүрүүдө.
Бул иш-чаранын алкагында сайдын 150 метрлик оң жээги атайын габион сеткалары менен бекемделип, аймактагы тургундар үчүн коопсуз шарттарды түзүү көздөлүүдө.
Иштин негизги максаты: сел жана суу ташкындарынан коргоо, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин азайтуу жана жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоо.
Министрлик аймактагы табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча системалуу кадамдарды улантууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар бул иш-чараны колдоп, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иш-чарасына активдүү катышууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР