Жаңылыктар

17.12.2024 15:02

   Кароолор: 209

ОШ: ЖАРДЫРГЫЧ ЗАТТАРДАН ООЛАК БОЛУУНУ ЭСКЕРТИШТИ

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылынын борбордук базарында райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери сатуучуларга жардыргыч заттарды жана асманга атылуучу жарык чачкычтарды сатуудан кармануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте 18 соода түйүнүндө 28 сатуучуга түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүп, Жаңы жыл алдында кызыктыруучу мындай питардаларды сатуудан оолак болууга чакырып, анын ден соолукка зыяндуулугун жана андан өрт чыгып кетүү тобокелдиги өтө жогору экенин эскертишти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу