Жаңылыктар
01.11.2024 16:49
Кароолор: 408
ОШ: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ БААЛАНДЫ
КР Жарандык коргонуусунун 2024-жылга карата даярдык мерчемине жана КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын буйругуна ылайык машыгуу өткөрүлдү. Машыгууда Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталганда учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш аракети бааланды.
Практикалык машыгуу С.Юсупова айыл аймагынын Октябрь айылында уюштурулду. Анда сел каналдарын тазалоо жана "Потенциал ЖЧК" пахта заводунда чыккан өрттү өчүрүү иштери аткарылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР