Жаңылыктар

23.09.2024 11:02

   Кароолор: 280

ОШ: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КҮЧТӨРҮНҮН КОМАНДАЛЫК-ШТАБДЫК МАШЫГУУСУ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

Ош облусунун Жарандык коргонуунун 2024-жылга карата даярдык мерчемине ылайык, 2024-жылдын 18-20-сентябрь күндөрү Ош облусунун Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдары менен "Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракети" темасында командалык-штабдык машыгуу болуп өттү. 

Машыгуунун негизги максаты – өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, куткаруу кызматтарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын биргелешкен аракеттерин координациялоо жана машыктыруу. 

Машыгууда жер титирөөнүн кесепетинен жаралган кырсыктарга, анын ичинде өрттүн чыгышына, электр мамычаларынын жана ар кандай имараттардын жараксыз абалга келишине байланыштуу куткаруу иштерин, жарандарды эвакуациялоо жана өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу иштерин так жана оперативдүү аткаруу боюнча практикалык көнүгүүлөр көрсөтүлдү.

19-сентябрь күнү саат 7:30да башкармалык тарабынан берилген сигнал боюнча райондук жарандык коргонуу кызматтарына айгай жарыяланып, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Тажибай ата атындагы орто мектебинин спорт аянтчасына чогулуу уюштурулду. Ага райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 256 кызматкер жана 27 инженердик жана атайын техника тартылган. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 30 куткаруучу, 2 өрт өчүрүүчү техника жана 1 куткаруу автоунаасы.

Аталган иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары генерал-майор У.М.Шамырканов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.К.Айтибаев, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, райондук Жарандык коргонуу кызматынын башчысы Ж.М.Субагожоев жана ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Э.Э.Мусаев катышты.

Машыгуунун жүрүшүндө шарттуу кырдаалда жер титирөөдөн улам чыккан өрттөрдү өчүрүү, жараксыз абалга келген имараттардан жабырлануучуларды куткаруу, электр мамычаларынын кулашынан жаралган кырсыктарды жоюу жана жарандарды эвакуациялоо иштери көрүлдү. Куткаруучулар тез жана так иш алып барышып, өздөрүнө коюлган тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарышты. Машыгуу учурунда атайын техникаларды, өрт өчүрүүчү жана куткаруу автоунааларын колдонуу менен кырдаалды ыкчам жана коопсуз шартта жөнгө салуу иштери ишке ашырылды.

Машыгуу жарандык коргонуу кызматтарынын өз ара аракеттешүүсүн жана координациясын чыңдоо максатында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул сыяктуу иш-чаралар жарандардын коопсуздугун камсыздоодо, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жана өз убагында чара көрүүдө чоң мааниге ээ. Катышуучулар өздөрүнүн даярдыгын жогорулатышып, чыныгы кырдаалдарда натыйжалуу аракеттенүү жөндөмдөрүн дагы бир жолу бекемдешти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу