Жаңылыктар

12.02.2025 17:10

   Кароолор: 774

ОШ: ЖАПАЛАК АЙЫЛЫНДА СЕЛДИ АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш-мерчемине ылайык Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы сел суулары агып өтүүчү каналды тазалоо иштери жүрүүдө.

2025-жылдын 10-январынан тартып ӨКМден экскаватор бөлүнүп, сел өтүүчү каналдын узундугу 1800 метр аралыгын тазалоо иштери башталган.

Жумуштун натыйжасында, 168 турак үй жана 20 гектар жер аянты корголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу