Жаңылыктар
07.05.2024 10:54
Кароолор: 242
ОШ: ЖАҢЫ-АРЫК – КЫЗЫЛ-СУУ УНАА ЖОЛУ ТАЗАЛАНУУДА
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ынтымак айыл аймагынынын Чайчи, Алп-Ордо, Талаа, Корок айылдарына баруучу Жаңы-Арык – Кызыл-Суу сел алып кеткен жолду калыбына келтирүүгө №45 жол тейлөө мекемесинен экскаватор, манипулятор, оор жүк ташуучу ХОВО үлгүсүндөгү унаасы жана айыл аймагынан автожүктөгүч, МТЗ-80 маркасындагы техникалары тартылды. Бул аймакта таңкы саат 7:00дө жолду сел калдыктарынан тазалоо, оңдоо иштери башталды.
Кызыл-Суу айылынан сел жеген тилкеге чейин келген жөө тургундарды Жаңы-Арык айылына чейин ташуу үчүн жүргүнчүлөргө унаа уюштурулду.
Андан сырткары жол каттамын көзөмөлдөп туруу үчүн жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы жана тез жардам унаасы тартылды. Жабыр тарткан жарандар жок.
Белгилей кетсек, 6-майда болжол менен саат 20:00 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен аталган райондун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 19-чакырымын сел суусу жеп, жол каттамы үзүлгөн .
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР