Жаңылыктар

21.01.2025 13:20

   Кароолор: 662

ОШ: ТУРАК ҮЙЛӨРДӨ ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Гүлчө жана Өзгөн району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган райондордун турак үйлөрдүн жашоочуларына өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл тургундарына жылытуучу приборлорду жана мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо керектиги айтылды.

Мындан тышкары, ӨКМдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга өрттүн алдын алуу боюнча маалымат баракчаларын таратып,112 жана 101 куткаруу кызматтарынын номерлерин эскертишти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу