Жаңылыктар
22.10.2025 08:36
Кароолор: 35
ОШ: ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТТӨН 6 АДАМ КАЗА БОЛДУ
Бүгүн, 2025-жылдын 22-октябрь күнү болжол менен саат 05:52дө Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 05:54тө Ош шаардык №29 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, жерине 06:01де жеткен.
Өрт саат 06:25те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Алгачкы маалыматтар боюнча, болжол менен саат 03:30 чамасында турак үйдүн жер төлөсүндө (подвалында) өрт башталып, ал кыска убакыттын ичинде турак үйдүн чатырына чейин тараган.
ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен үйдүн 6 адамдан турган тургундары каза болду: 34 жаштагы аял жана 13, 11, 9, 6, 2 жаштагы балдары.
Өрт өчүрүүчүлөр жеткен учурда жарандардын жансыз денелери таанылгыс абалда табылган.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР