Жаңылыктар

22.10.2025 10:40

   Кароолор: 46

ОШ: ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ

2025-жылдын 22-октябры күнү болжол менен саат 03:30да Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №26 турак үйдүн жер төлөсүнөн (подвал) өрт чыккан.

Маалымат ӨКМге саат 05:56да түшүп, 06:04тө Ош шаарынын өрт өчүрүү бөлүмү окуя болгон жерге жетип, саат 06:25те чектөөгө алынып, 09:46да толук өчүрүлгөн. КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 280 ч.м. түзгөн

Алдын ала маалымат боюнча, үйдө электр жылытуучу аспап колдонулган. Өрт Он-Адыр аймагында жайгашкан, үй ремонттолуп жаткан экен.

Өрт өчүрүүчүлөр келген учурда жарандардын жансыз денелери күйүк абалда табылган.

Кырсыктын кесепетинен 6 адам — 34 жаштагы аял жана анын 5 баласы (13, 11, 9, 6 жана 2 жашта) каза болгон. Жолдошу учурда Кореяда иштейт экен.

✅Маалымат катары, Кыргыз Республикасынын «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, ӨКМ кызматкерлери жеке турак үйлөрдү алдын ала өрт коопсуздугу боюнча текшерүүгө укуктуу эмес.

Кырсыктын себеби такталууда.

Белгилей кетсек, жыл башынан Ош шаарынын аймагында жалпы 65 өрт кырсыгы катталды.

Алардын ичинен эң көп учурлар турак жай секторуна туура келип, 28 өрт кырсыгы дал ушул багытта, 33 учур электр шаймандарын туура эмес пайдалануунун кесепетинен келип чыккан.

Өрт кырсыктарын алдын алуу максатында ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери үймө-үй кыдырып, 4211 турак жайда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө жалпы 15 888 жаран камтылып, аларга өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча кеңири маалыматтар берилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу