Жаңылыктар

04.05.2024 10:05

   Кароолор: 167

ОШ: ТОБОКЕЛДИКТИН АЛДЫН АЛУУГА КӨЗӨМӨЛ ЖҮРҮҮДӨ

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов Ош шаарында иш сапарында болду. Ал ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жолугушуп, сел сууларынан коргоо, алдын алуу, бекемдөө тууралу өз сунуштарын берди.

Мындан сырткары, Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймагында жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн сел суулары каптоо коркунучу бар тилкелеринде жеринде таанышты.

Ал эми Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылындагы 1090 турак-жайды, 9 социалдык обьектилерин жана ички чарбалык жолдорду сел каптоо коркунучунан коргоо максатында аталган айылдын жогору жагындагы сел келген 3 жылганын кире беришине атайын долбоордун негизинде сел тосмо куруупландалган.

Натыйжада өкмөт тарабынан сел тосмо куруу үчүн долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалып, “Авариялык калыбына келтирүү” иш-мерчемине сунуштоо тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, ӨК министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өлкө аймагындагы кооптуу аймактардан кабар алуу, селдин алдын алуу жана бекемдөө иштери текшерилүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу