Жаңылыктар

04.05.2024 09:52

   Кароолор: 139

ОШ: ТОБОКЕЛДИКТИН АЛДЫН АЛУУГА КӨЗӨМӨЛ ЖҮРҮҮДӨ

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов Ош шаарында иш сапарында болду.

Иш-сапардын жүрүшүндө ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жолугуп, сел сууларынан коргоо, алдын алуу жана жээктерди бекемдөө тууралуу өз сунуштарын берди.

Мындан сырткары Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймагында сел суулары каптоо коркунучу бар деген 2 тилкесинде сел каптоонун себептери менен жеринде таанышты.

Белгилей кетсек, ӨК министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өлкө аймагындагы кооптуу аймактардан кабар алуу, селдин алдын алуу бекемдөө иштери текшерилүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу