Жаңылыктар

16.07.2024 10:43

   Кароолор: 500

ОШ: ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫНА 230 КУТКАРУУЧУ ТАРТЫЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бул күнү 230 куткаруучу тартылып, Кара-Суу районунун Датка, Манас, Мады, Беш-Булак айыл өкмөттөрүндө 5 бөлүккө бөлүнүп, сел каптаган турак жайларды тазалоо жумуштары саат 07:00дө башталды.

Куткаруучулар кол каражаттары жана 21 даана мотопомпанын жардамында сел сууларды тазалап, сел калдыктары коопсуз жайга чыгарышууда.

Жеринде райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана ыктыярдуу элдик кошуун тартылып, жергиликтүү тургундарга өз жардамдарын көрсөтүү жагын колго алып, ар бир сел каптаган үй-бүлөлөргө тийешелүү жардамдар берилүүдө.

ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматов Кара-Суу районундагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн министрликтин тийешелүү оор инженердик техникаларын жана куткаруучуларды таратуу менен калыбына келтирүү жумуштарын жеринде көзөмөлгө алууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу