Жаңылыктар

20.06.2025 13:22

   Кароолор: 174

ОШ – ТАЛАС ОБЛУСТАРЫНЫН КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОКУТУЛУУДА

ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен министрликке караштуу Окуу-изилдөө борборунун окутуучулары күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн окутууда.

Тагыраагы, Талас, Ош облустарында "2025-жылга Жарандык коргонуусун даярдоо" планынын негизинде окутууну КР Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Жарандык коргонуу түзүмдөрүндө улантты.

Жарандык коргонуу түзүмдөрү өзгөчө кырдаалдар катталганда жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жарандарды урандылардын арасынан издөө жана куткаруу, куткаруучу шаймандар менен иштөө, куткаруу иштери убагында коопсуздук чараларын сактоо багытында теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу