Жаңылыктар

15.08.2025 18:15

   Кароолор: 11

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИ ЖЕҢИШБЕК ТОКТОРБАЕВ КУТКАРУУЧУЛАРГА ЖАҢЫ ТЕХНИКА ТАПШЫРДЫ

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев куткаруучуларга кубаттуу мотопомпа, атайын издөө иштерине багытталган дрон аппараты жана куткаруу иштери үчүн керектүү шаймандарды тапшырды.

Сел жана суу ташкындарында куткаруучулардын ишин жеңилдетүү максатында шаар бюджетинен 1 409 500 сомго кубаттуу мотопомпа алынган. Ошондой эле жалпы куткаруу шаймандарынын жалпы баасы 1 918 000 сомду түздү.

Жаңы мотопомпа минутасына 6330 литр сууну сордурууга жөндөмдүү болуп, сел жана суу ташкындарында кум, ылай аралашкан сууларды натыйжалуу сордуруп, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин ыкчам жоюуга шарт түзөт.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, бул жаңы техника куткаруучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен катар, шаарды коопсуздукту камсыздоодо олуттуу роль ойнойт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу