Жаңылыктар

26.09.2023 10:58

   Кароолор: 460

Ош шаарынын билим берүү мекемелеринде “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан шаардын билим берүү мекемелеринде “Ачык эшик” күнү өттү.

ӨКМдин өздүк курамы тарабынан Ош шаарында жайгашкан ОшТУнун студенттеринин жана мугалимдеринин, Т. Сатылганов, Х.Абдуллаев атындагы мектеп окуучулары жана мугалимдеринин катышуусунда "Ачык эшик" күнү өткөрүлдү.

Иш-чарада Куткаруу кызматындагы жана өрт өчүрүүчү техникаларынын, кызматкерлердин күнүмдүк жумушу тууралуу кеңири маалымат берилип, эң негизгиси түрдүү кырсык катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелери кызматкерлер тарабынан баса белгиленди.

Белгилүү болгондой, 2017-жылдан баштап Республикабыздын аймагында 5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү белгиленип келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу