Жаңылыктар

28.06.2025 16:20

   Кароолор: 212

ОШ ШААРЫНДАГЫ ТЕАТРДА ӨРТКӨ КАРШЫ МАШЫГУУ ӨТТҮ

2025-жылдын 27-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 2025-жылга бекитилген мерчемдин алкагында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Иш-чара Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсү №162 дарегинде жайгашкан С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында уюштурулду.

Машыгууга башкармалыктын өздүк курамы, өрт өчүрүүчү жана куткаруучу техникалар, анын ичинде атайын АКП-54 техникасы тартылды. Ошондой эле шаардык медициналык кызматтан 1 бригада, газ кызматы, ички иштер министрлигинин жана РЭТтин өкүлдөрү катышты.

Машыгуунун жүрүшүндө театрдын кызматкерлерине өрт кырсыгы катталган учурда өзүн туура алып жүрүү, өрттү өчүрүү аракеттери жана алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – өрт кырсыктарына ыкчам аракет көрүү көндүмдөрүн бекемдөө жана алдын алуу иш-аракеттерин өркүндөтүү болуп саналат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу